2023-жылдын 6-октябрында, Академиянын Ош шаарындагы Факультеттер аралык кафедрасынын квалификациясын жогорулатуу курсуна келген Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин Жала-Абад, Баткен, Ош областтарынын жана Ош шаарынын ички иштер башкармалыктарынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам өкүлдөрүнө практикалык сабак өткөрүлдү.
Ыкчам иликтөө ишмердүүлүгү сабагынын негизинде уюштурулган конок-лекцияга Ош ОИИБдин ЭММКАКнын башчысынын орун басары милициянын майору Марат Ормушов чакырылып, “Экстремизмге каршы күрөш жана коомдук саясий кырдаалды туруктуу кармоо” темасында практикалык сабак уюштурулуп,өткөрүлдү.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2023/10/5ebf74c1-3e70-41ee-8da3-3a35680d702e.jpg)