Үстүбүздөгү жылдын 21-августунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы Академиясынын жазык-процесс кафедрасынын профессордук-окутуучу курамы 2023-2024-окуу жылынын алдында Кыргыз Республикасынын ИИМдин тергөө кызматына барып келди.

Жолугушуу окуу процессине пайдалуу маалыматтарды топтоо, тажрыйба алмашуу, ошондой эле тергөө кызматындагы жаңы талаптар жана тартиптер туралуу жеринде таанышуу максатта уюштурулган.

Академиянын окутуучуларын Тергөө кызматынын башчысы милициянын полковниги А.Н.Исмаилов тосуп алып, өзү жетектеген кызматтын бүгүнкү күндө жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү менен тааныштырып, мындан ары да тыгыз байланышта иш алып барууну жана Академиянын билим  алуучуларына ар дайым колдоо көрсөтүп, тажрыйба топтоого салым кошууга ар дайым даяр экендерин билдирди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *