2023-жылдын 18-сентябрында  ИИМдин Академиясында сапка тизилүү болуп өттү.

Бул күнү, башчы милициянын генерал-майору Тариель Абитов Ички иштер органдарына жогорку квалификациядагы кадрларды даярдоого кошкон салымы жана ички иштер органдарындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн, бир катар кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин “Ыраазычылык каттарын” тапшырды.

Андан соң башчы сыйлык ээлерин кууттуктап, мындан ары да талыкпаган кызмат өтөө менен жогорку сыйлыктарга жетип, келечек муунга үлгү болуп жүрө бериңиздер деди.

Сапка тизилүү, өздүк курамдын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *