Бүгүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында 1-ноябрь – Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүнө карата салтанаттуу сапка тизилүү болуп өттү.

            ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т.Абитов өздүк курамды майрамы менен куттуктап, элдин ишенимин бийик тутуп, өлкөгө ак ниет кызмат кылып жаткан ар бир кызматкерге ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине ийгилик каалады. Андан соң, өздөрүнүн кызматтык милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыктары, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту сактоодо кошкон салымдары үчүн жана ошондой эле, 1-ноябрь – Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 98 жылдыгына карата Ички иштер министринин буйругунун негизинде бир катар кызматкерлерге медалдарды, төш белгилерди, грамоталарды тапшырды.

            Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн ИИМдин Академиясынын 6 кызматкери Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын “Кыргыз тил”  төш белгиси жана Ардак грамоталары менен сыйланды.  

            Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын буйругу менен окууда, спортто, коомдук иштерде, коомдук тартипти сактоодо, ошондой эле 1-ноябрь – Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 98 жылдыгына карата бир катар курсанттарга “Билим, мыйзам, намыс” төш белгиси, Ардак грамоталары тапшырылып, алкыш  жарыяланды.  

            Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин буйругу менен ИИМдин Академиясынын медициналык кызматынын кызматкерлерине “Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери” төш белгиси жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ардак грамоталары ыйгарылды.

            26-28-октябрь күндөрү Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүнө карата өткөрүлгөн ИИМдин Динамиадасында жеңишке жетишкен кызматкерлерге жана курсанттаргы сыйлыктар тапшырылды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *