Билим берүү тармагында кызматташуу жана  ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында 2022 – жылдын 1-июнунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын жетекчилиги жана кызматкерлери Ала-Тоо Эл Аралык университетине барып келишти.

Университеттин Сенат залында ИИМдин Академиясынын кызматкерлерине окуу жайдын ишмердүүлүгү жөнүндө промо ролик көрсөтүлүп, квалификацияны жогорулатуу ишмердүүлүгү менен таанышышып,  Ала Тоо Эл Аралык университетинин  санарип башкаруу системасы жөнүндө кенен маалымат алышты.

Андан соң, университеттин китепканасы – электрондук системасы,  Информатика жана инженерия факультетинин ишмердүүлүгү менен таанышышып,  Дистанттык билим берүү борборунда да болуп кайтышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т. Абитов бүгүнкү жолугушуу жалпы максаттарды ишке ашыруу үчүн билим берүү тармагында  өз ара кызматташуунун мындан аркы багыттарын аныктоого мүмкүндүк түзгөнүн белгилеп, университеттин ректору  С. Эрдолатовго ИИМдин Академиясынын белек- сувенирин тапшырды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *