Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын 2-курсунун курсанты Максатбек кызы Токтайым Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги уюштурган “Саамалык-17” республикалык адабий сынагына катышып, өзүнүн калеминен жаралган 16 чыгармасын жөнөткөн.

Сынактын жыйынтыгы менен жаш автордун “Сен”, “Сүйүү жана өмүр”, “Ооо сүйүү, “Эскертме”, “Жылуулук”, “Аруу жаккан”, “Өзүң менен”, “Апам” аттуу сегиз ыры “Саамалык – 17” адабий топтомуна киргизилип жана белек катары 5 китеп берилди.

Курсант Максатбек кызы Токтайым Академияда өтүп жаткан “Бир адамдан бир китеп” өнөктүгүн колдоп ошондой эле билим алып жаткан студенттерге жана курсанттарга пайдасы тийип калаар деген максатта китепканага 2 даанасын тапшырды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *