«Кыргызтест» мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоонун бирдиктүү системасынын негизги максаттарын, милдеттерин, эрежелерин жана принциптерин аныктайт.

«Кыргызтест» системасы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана чет элдик жарандардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин милдеттүү түрдө билүү деңгээлдерине жана көлөмүнө ылайык элементардык (А1), базалык (А2), ортоңку (В1), ортодон жогору (В2) жана жогорку (С1) деңгээлдери боюнча жүргүзүлөт.

Тестин тапшырмалары квалификациялуу филолог-адистер тарабынан иштелип чыгат.

Тестирлөө жыйынтыктарынын протоколдору «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин архивинде электрондук түрдө жана кагаз вариантында «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.

Тестирлөөнүн максаты катышуучулардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин калыс жана ачык аныктоо.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *