3-февралда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов окуу жайда көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенип, укук коргоо органдарын дайындоодо өз салымын кошуп, Академиянын Мамлекеттик-укуктук сабактар кафедрасын бир нече жыл жетектеп ардактуу эс алууга чыккан отставкадагы милициянын полковниги Чынара Ботоевага жана ушул эле кафедранын доценти милициянын подполковниги Сайкал Автандиловага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “КР Конституциясына 30 жыл” юбилейлик медалын тапшырды.

ИИМдин Академиясынын жетекчилиги сыйлык ээлерин куттуктап, мындан ары да талыкпаган эмгегиңиздер менен көптөгөн сыйлык, наамдарга жетиңиздер деген тилектерин билдиришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *