Бүгүн, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын чоң жыйындар залында 8-март Айымдардын Эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү. ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т. Абитов жалпы эле аялзатын майрамы менен куттуктап, кылым карыткан кызматты аркалап, мамлекетибиздин ички коопсуздугун сактап, кыргыз калкынын бейпил жашоосун камсыз кылуу менен бирге элдин эртеңкиси болгон келечек ээлерин тарбиялап билим берүүдө да ИИМдин Академиясынын айымдарынын эмгеги ат көтөргүс экенин белгилеп, иштерине ийгилик, аялдык бакыт каалап, кызматтык ишинде жетишкен ийгиликтери үчүн бир катар кызматкер айымдарга, ардагерлерге грамоталарды, медалдарды тапшырды. Андан соң, катышуучуларга Академиянын мырзалары тарабынан даярдалган чакан концерт тартууланды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *