Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында келе жаткан Нооруз майрамына карата Күндузгү билим берүү факультетинин курстарынын арасында саптык ырлар сынагы болуп өттү. Аталган иш – чарага 17 взвод жана 6 рота катышып, патриоттук маанидеги ырларды мамлекеттик жана расмий тилде аткарышты. Курсанттардын сырткы келбетине, саптык жүрүм-турумуна, ырдын аткарылышына, командирлердин взводдорго жана роталарга командалардын туура берүүсүнө жана аткарылышына, саптык кадамына жана курсанттардын кыймылынын синхрондуулугуна баа берилип, калыстар тобунун чечими менен 1-орун 12-взводго, 2-орун 16-взводго, 3-орун 21-взводго берилди. Ал эми роталар арасында 1 – орун 1-курстун 1-ротасына, 2-орун 1-курстун 2-ротасына 3- орун 3 курстун 1-ротасына тапшырылып, кубоктор жана грамоталар ыйгарылды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *