2023-жылдын 9-октябрындаИИМдин Академиясында сапка тизилүү болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Гимнин аткаруу менен башталды.

Андан соң ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов Административдик укук жана административдик ишмердүүлүк кафедрасынын башчысы милициянын подполковниги Улан Осмоновго кезектеги милицянын полковниги наамын ыйгарды. Ошондой эле Россия Федерациясынын ИИМдин Нижегородск Академиясы уюштурган “Юридикалык илим жана практика” темасындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга  катышып 3 даражадагы дипломго  ээ болгон Академиянын 3-курсунун курсанты Бектур Эркиновго диплом тапшырды.

Өз сөзүндө башчы, сыйлык ээлерин куттуктап, окуусунда ийгилик жараткан курсанттар Академиянын ишмердүүлүгүн арттырууга чоң салым кошуп жаткандыгын жана мындан ары да көп жетишкендиктер боло берсин деди.

Сапка тизилүү, өздүк курамдын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *