Келе жаткан Нооруз майрамына карата Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында бир катар майрамдык иш-чаралар болуп өттү. Бир күн мурда Нооруз майрамынын символу болгон сүмөлөктүн азыктары казанга салынып, куран окулуп, жыт чыгарылып кийинки күнү бышкан сүмөлөк жалпы Академиянын өздүк курамына таратылды.

Майрамга карата ИИМдин Академиясынын чоң жыйындар залында ардагерлердин, кызматкерлердин, курсанттардын жана студенттердин катышуусунда майрамдык жыйын өткөрүлдү. Иш-чараны ачып жатып Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т. Абитов “ Нооруз – бул табияттын жаңылануусу. Жер кулпуруп жаз келген улуу майрам. Бул күнү ар бирибиз келечектен жакшы үмүттөрдү тилеп, бири-бирибизге жаркын маанай тартуулап, тарыхый тамырларыбызга, улуттук каада-салтыбызга таазим кыла турган күн. Нооруз майрамы элге дем берип, жакшы тилектерибиз, асыл максаттарыбыз ишке ашсын”-деди.

Андан соң, “Ар улуттун биримдиги” аталышында конкурс өткөрүлүп, курсанттардан жана студенттерден куралган алты команда катышты. Командалар ар улуттун каада-салтын көрсөтүп, ырын ырдашып, бийин бийлешип көрүүчүлөргө жаркын маанай тартуулашты. Иш-чаранын соңунда, калыстар тобунун чечими менен биринчи орун 2-курстун (бюджет) “Казактар” командасына, экинчи орун 3-курстун (бюджет) “Уйгурлар” командасына, үчүнчү орун 1-курстун (бюджет) “Түрк эли” командасына ыйгарылды. Майрамга арналып, курсанттарга майрамдык түштөндүрүү да ИИМдин Академиясы тарабынан уюштурулду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *