2023-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында акын, жазуучу Арзыкан Жабыеванын “Мекен бактысы өмүрдөн кымбат” аттуу китебинин бет ачарына арналган иш-чара болуп өттү.

Чыгармачыл кечеге ардактуу ардагер генерал-майор Аширбек Бакаев, ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысынын орун басары полковник Бакыт Айипов, ИИМдин Ички аскерлеринин 7708 аскер бөлүгүнүн командири полковник Кубанычбек Итигулов жана китептин негизги каарманы болгон полковник Талант Мамбетказиев, ИИМдин Академиясынын жетекчилиги жана өздүк курамы катышты.

Иш-чара 2021-жылы болуп өткөн Баткен окуясында курман болгон эр азаматтрды эскерүү менен башталды. Андан соң чакан видео-тасма көрсөтүлдү.

Өз сөзүндө ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов, Арзыкан Жабыевага чыгармачыл ийгиликтреди каалап, “Куралдаштарыбыздын эрдиктерин даңктап, аны китеп кылып басып чыгарып, жаштарды мекенчилдикке үндөө аракетиңиз үчүн ыраазычылык билдирем. Калемиңиз дагы да курчуй берсин” – деген тилегин айтып гүл десте тартуулады.

Ал эми “Мекен бактысы өмүрдөн кымбат” китебине баш сөзүн жазган генерал-майор Аширбек Бакаев акынды көп жылдардан бери таанырын айтып, “Арзыкан Жабыеванын жараткан чыгармалары чыныгы мекенчил, кылычтын мизинде кызмат өтөп келе жаткан күч түзүмдөрүнүн бардык тармагында  эмгектенген кызматкерлерге арналып, ошондой эле чыгарма жазууда каармандары менен түзмө түз кезигип, маектешип, алардын образын өзүнүн чыгармаларында баяндайт”-деп акынга өзүнүн каалоо тилектерин айтып өттү.

 ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысынын орун басары полковник Бакыт Айипов акындын чыгармаларын окуганда өзгөчө таасиленгенин айтты. “Сиздин китепти окуп чыгып, анда жазылган ыр саптары толук бир окуяны баяндап ошондой эле эр азаматтарыбыздын образдары жогорку денгээлде берилген экен”- деген ой пикирин билдирип, Ички аскерлердин кол башчысы полковник Д.Алыбаевдин “Ыраазычылык катын” тапшырды.  

Өз кезегинде автор, китептин жазылуу тарыхын айтып, анын каарманы полковник Талант Мамбетказиевдин образын берүү менен жалпы эле, колуна курал кармап мекен сакчылыгында жүргөн эр азаматтарыбыздын эмгегин даңктоо болду дейт.

“Менин чыгармаларым убакытты көп талап кылат. Аларды жазаардан мурун каармандарым менен байланышып, бош убактысын, ыңгайлуу учурларын күтүп жүрүп, шашпай маек куруу менен жазып келем. Мисалы буга чейин жарык көргөн “Жоо жакадан алганда” китебим генерал-майор Аширбек Бакаевге арналган. Аны жазаарда да генерал менен көп жолу кезиктим” –деди.

Ал эми иш-чаранын жүрүшүндө ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов генерал-майор Аширбек Бакаевди 75 жылдык маарекеси менен өздүк курамдын жана өзүнүн атынан куттуктап, белегин тапшырды. Ошондой эле ал генерал А.Бакаевдин урматына жакынкы күндөрү өзүнчө иш-чара өтөөрүн айтып өттү.

Чыгармачыл кеченин соңунда автор өзүнүн “Мекен бактысы өмүрдөн кымбат” жана “Жоо жакадан алганда” китептерин ИИМдин Академиясынын китепканасына жана катышкан конокторго белек катары тапшырды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *