Кыргыз Республкиасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясынын уюштуруу-социалдык жана тарбия иштери боюнча бөлүмчөсү менен Тилге даярдык кафедрасы курсанттардын жана студенттердин арасында “Эне тилим-байлыгым” аттуу кароо сынак жарыялаган.

Сынакка катышууну каалагандар жогоруда аталган теманын негизинде эссе жана ыр саптарын жазып, мамлекеттик тилге арналган белгилүү акын-жазуучуларыбыздын калемине таандык чыгармаларды көркөм окууга даярдыктарды жүргүзүп келишкен.

Аталган сынак 22-сентябрда жыйынтыкталып, окуу жайдын чоң жыйындар залында атайын чакырылган калыстардын катышуусу менен жеңүүчүлөр аныкталып, дипломдор менен сыйланышты.

Иш-чараны ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов ачып, катышуучуларды келе жаткан Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, кыргыз тилин мындан дагы жогору деңгээлде өнүктүрүү келчек муундун колунда экенин баса белгилеп, студенттерди жана курсанттарды өз тилин сүйүүгө жана анын патриоту болууга чакырды.

Ал эми Кыргыз Республикасынын ИИМдин Башкы штабынын мамлекеттик тил жана редактирлөө бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Айбек Орозакунов “Сиздер өлкөдөгү эл менен түздөн-түз иш алып баруучу кызматкерлерден болуу алдында турасыздар, ошондуктан силерге айтаарым мамлекеттик тилди мыкты өздөштүрүү башкы талаптардын бири болсун. Ал эми бүгүн сынакка катышкан ар бир катышуучуга ыраазычылык билдирем. Ошондой эле жеңилип калгандар кийинки сынактарга мындан да мыкты деңгээлде даярданып келет деп ишенем” – деди полковник.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *