2024-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында Мамлекеттик гербдин кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлдү. Ага гербдин авторлорунун бири ИИМдин Генералдар Кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев, Мамлекеттик туунун негизги авторлорунун бири Жусуп Матаев, ИИМдин Академиясынын жетекчилиги, курсанттар жана студенттер катышышты.

Иш-чараны ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов ачып, “Быйыл өлкөбүздүн эркиндигин даңазалаган атрибуттарыбыздын бири гербибизге туура 30 жылдын жүзү болуп олтурат. Бул даталуу күн менен жалпыңыздарды чын дилимден куттуктайм. Ал эми биздин окуу жайга гербдин авторлорунун бири, ардактуу ардагерибиз, Генералдар Кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев жана Мамлекеттик туунун негизги авторлорунун бири Жусуп Матаев келип отурушат.

Биздин негизги мамлекеттик симовликаларбызды түзгөн инсандардын бүгүн бизге келип турганы абдан сыймыктуу. Сиздерге терең ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук дөөлөттүү карылык жана узак өмүр каалайм”-деди өз сөзүндө.

Андан соң Мамлекеттик гербдин автору Садырбек Дубанаев кыргыз элинин эн тамгасын кабыл алуу жолдорун, эмгегин айтып өттү. Ал “Гербди кабыл алууда жалпы республика боюнча сынакка 2234 эскиз келип түшкөн, комиссия гербдин бешөөсүн тандап алган, алардын ичинен Асейин Абдраев экөөбүздүн «Нур 19» эмгегибизди легендарлуу парламенттеги 350 депутаттын 286сы колдоп, добушун берип, жеңип чыкканбыз. Герб бүтүндөй бир өлкөнүн жүзү болгон соң ар бир аймактын баалуулуктарын, Манас атабыздын ак шумкарын, аппак Ала-Тоо, алтынга толгон бөксөө тоолорубузду чагылдырууга аракет кылганбыз. Ошентип биздин жараткан эмгекти көпчүлүк баалап, Жогорку Кеңештин токтому менен гербибиз кабыл алынган. Көпчүлүк менден өзүңүз милиция кызматкери болсоңуз кантип сүрөткө кызыгып калдыңыз деген суроону көп беришет. Айта кетейин жигитке жетимиш өнөр аздык кылат деп айткандай ар бир адамда бир нече талант жана шык болот. Аны туура жана өз убагында пайдалана билүү керек. Азыркы учурдун милиция кызматкерлерине кызмат өтөөдө абдан жакшы шарттар түзүлүп жатат. Биздин убак менен салыштырып болбойт. Ошол себептен колдон келген мүмкүнчүлүгүңөрдүн бардыгын колдонуп, ар тараптуу болуп, элиңерге ак кызмат өтөгүлө, жакшы окугула” – деген каалоо тилегин билдирди. Ошондой эле экрандан сунушталган гербдин алгачкы эскиздерин, жана кабыл алуу учурундагы тарыхый сүрөттөрүн көргөзүп берди.

Ал эми Мамлекеттик туунун башкы авторлорунун бири Жусуп Матаев “Кыргыз Республикасынын туусун кабыл алууда убагында абдан көп сынактар өткөрүлгөн, мыктыларды топтоп, атайын эскиздерин иштеп чыкканбыз. Өзүңүздөр билесиздер Жогорку Кеңеште Туу кеңири талкууга алынып, кошумча сунуштар менен, толуктоолор киргизилип, туу кайрадан кабыл алынып, салтанаттуу көтөрүү аземи болуп өттү” -деди.

Майрамдык иш-чара студенттер менен курсанттардын концерттик программасы менен улантылды. Негизги иш-чара аяктаган соң ардактуу коноктор Академияда жаңы ачылган электрондук тир окуу-классы менен таанышышты. Иш-чараны ИИМдин Академиясынын уюштуруу социалдык жана тарбия иштери боюнча бөлүмчөсү уюштурду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *