Кеңешмеге окуу жайдын жетекчилиги жана түзүмдөрдүн башчылары катышышты.

Жыйында 2023-жылы чыккан Ички иштер министринин буйругу жана ИИМдин Академиясынын тескемесинин аткарылышы боюнча маалымдамалар берилип, алдыда өткөрүлүүчү иш-чаралардын мерчемдери толукталып, талкууланып, тийиштүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

Окуу жайдын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов, 2024-жыл Ички иштер министрлиги анын ичинде ИИМдин Академиясы үчүн маанилүү иш-чараларга бай болгондуктан алардын ар бирине жогорку денгээлде, дыкат даярдык көрүүнү буйруду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *