2023-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясында “Маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды колдонуу менен финансылык активдерди уурдоо жаатындагы кылмыштарды ачуу” окуу курусуна катышкан кызматкерлерге сертификаттар тапшырылды.

Эске салсак, окуу курсу 2023-жылдын 18-сентябрынан 22-сентябрына чейин ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен өткөрүлдү.

Курстун аякташы менен кызматкерлерди ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин полиция маселелери боюнча кеңешчиси Александр Елисеев, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин консультанты, милициянын отставкадагы полковниги Шамшыбек Мамыров, Россия Федерациясынын ИИМдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Антон Кочетов, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин Аскердик-саясий башкармалыгынын башчысы Константин Бедарев жана РФнын ИИМдин Санкт-Петербург университетинин ага окутуучусу Антон Малышев куттукташты. Өз сөзүндө Александр Елисеев тыгыз кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын башчысы, милициянын генерал-майору Тариель Абитовго жана анын орун басарларына «Ыраазычылык каттарын» тапшырды.

Ошондой эле курстун бүтүрүүчүлөрүн Тариель Абитов куттуктап, ЕККУнун Бишкектеги өкүлдөрүнө жана тренерлерге өткөрүлгөн курс үчүн ыраазычылык билдирип, мамилелердин мындан ары да чыңдалышына ишеним билдирди жана эстеликке белектерди тапшырды.

Куттуктоолордон кийин окуу курсунун катышуучуларына тиешелүү үлгүдөгү сертификаттар тапшырылды.

Жолугушуунун соңунда меймандар КР ИИМ Академиясынын музейинде болушуп, ардак китебине каалоо-тилектерин калтырып, атайын окуу аудитроиялары менен таанышышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *