2024-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын квалификациясын жогорулатуу борборунан алгачкы даярдыктан өткөн 35 угуучу ички иштер органдарында кызмат өтөөгө укук берүүчү тастыктамаларга ээ болушту.

Үч ай мурун Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин еспуРеБишкек ШИИББге, Чүй ОИИББге, Нарын ОИИБге, Медициналык башкармалыкка жана Басма сөз кызматына кызматка киришип жаткан талапкерлер ИИМдин Академиясынын квалификациясын жогорулатуу борборуна окууга келген.

Алар бекитилген окуу пландарына жана программаларына ылайык укуктук нормативдик актыларды өздөштүрүүгө, тактикалык жана атайын даярдыкка, ИИМдеги атайын техниканы пайдаланууга, коомдук-коопсуздукту сактоого, кесиптик-психологиялык ошондой эле дене тарбия жана саптык даярдыктан өтүштү.

Окуу курсун  ийгиликтүү аяктап, сынактардан өткөн угуучуларга ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Кылыч Кадыркулов тастыктамаларды тапшырды.

“Бүгүн сиздер ИИОдо кызмат өтөө үчүн алгачкы даярдыктан өтүп, колуңарга тастыкталарды алып отурасыңар. Биз, Академиянын өздүк курамы укук коргоо органдарына мыкты офицерлерди, даярдап, татыктуу билим бере алдык деген ишеничтебиз. Бир аз убакыттан кийин кызмат орундарга дайындаласыңар. Айтып өтөйүн, абдан жооптуу ошол эле учурда ардактуу кызматты тантадыңыздар. Мындан ары сиздерге кылмыштуулук менен күрөшүү, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо миссиясы жүктөлдү. Аны аткарууда ар дайым ийгиликтер коштоп жүрсүн”-деген каалоо тилектерин билдирди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *