29-декабрда ИИМдин Академиясынын чоң жыйындар залында орнотулган лед экранды ачуу аземи болуп өттү. Ага ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин консультанты, милициянын отставкадагы полковниги Шамшыбек Мамыров, ИИМдин Академиясынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Төлөгөн Илимгазиев, милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы фонддун төрагасы Аскар Бектемиров, ИИМдин Академиясынын жетекчилиги жана өздүк курамы катышты.

Кызыл ленталар кесилген соң чоң  экрандан 2023-жылындагы ИИМдин Академиясынын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар көрсөтүлдү.

Андан соң жыл ичинде кызматта, окууда артыкчылык көрсөтүп, милдеттерин так аткарып, Академиянын аброюн көтөрүүгө салымын кошуп келе жаткан кызматкерлерге “Кесиби боюнча мыкты” наамдарын жана баалуу белектерди тапшыруу иш-чарасы болуп өттү.

Өз сөзүндө ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов: Жалпы өздүк курамды кирип келе жаткан жаңы жылыңыздар менен куттуктап, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, кызматтагы жетишкендиктерди, ал эми курсанттардын студенттердин жана угуучулардын окууларына ийгиликтерди каалаймын. Өтүп бараткан жыл Ички иштер министрлигинин Академиясы үчүн ийгиликтүү жылдардан болду десем жаңылышпаймын. Анткени, жыл башында пландап койгон иштердин бир далайы аткарылды. Ал эми бүгүн жалпыбыз күбө болуп жаткан чоң жыйындар залында замандын талабына ылайык лед экранды орнотуп аны менен бирге залыбызга оңдоп түзөөлөрдү киргизүүгө жетиштик. Бул өз учурунда келечек муунга татыктуу тарбия берүүдө жакшы өбөлгө боло алат. Ошондой эле өлкө боюнча жүрүп жаткан санаритештирүүнүн алкагында аткарылды десем жаңылышпайм. Ал эми “Кесиби боюнча мыкты” деп табылгандарды өздүк курамдын атынан чын дилден куттуктайм!  Ар дайым кызматта, окууда үй-бүлөдө да мыкты болуңуздар”-деген ой-тилектерин билдирди.

Майрамдык иш-чара Күндүзгү билим берүү факультеттеринин бүтүрүүчү курстарынын концерттик программасы менен жыйынтыкталды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *