2024-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фонду жана Тилге даярдык кафедрасы тарабынан уюштурулган «Жанмуза» поэзия кечеси болуп өттү.

Кечеде Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Э.Эрматов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты Ырысгүл Изатованын жана «Сүйология» китебинин автору Мирлан Алтымыш уулунун чыгармалары жаңырды.

Кеченин соңку бөлүгү суроо-жооп менен жыйынтыкталып, эң кызыктуу суроо берген курсант, студенттерге акындардан чакан белектер тапшырылды.

Жаш акындардын чыгармачылыгын колдоого багытталган бул иш-чара окуу жайдын билим алуучуларынын жан дүйнөсүн байытып, жакшы маанай тартуулай алды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *