Бүгүн, 22-апрелде Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясында ЕККУнун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Иш чарага ЭККУнун полициянын ишмердүүлүгүнүн стратегиялык маселелери боюнча бөлүмүнүн өкүлү Юрай Носаль, ЕККУнун  Бишкектеги кеңсесинин өкүлү Константин Бедарев, ЕККунун Бишкектеги кеңсесинин улук ассистенти Батыркан Кубаныч уулу жана ИИМдин Академиясынын өкүлдөрү катышты.

         Жолугушуунун жүрүшүндө,  илимий жана билим берүү тармагындагы келечектеги кызматташуунун потенциалдуу перспективалары, тактап айтканда, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү ыкмаларына окутуу маселелери талкууланды.

Иш-чаранын соңунда тараптар кибер коркунучтарга каршы турууда адистерди даярдоо жана окутуу жаатында көп тараптуу кызматташууга даяр экендиктерин билдиришип, биргелешкен долбоорлордун маанилүүлүгүн белгилешти.

Андан соң,  коноктор Академиянын материалдык-техникалык жабдылышы менен таанышып, музейинде да болушту.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *