14-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эльвира Сурабалдиева ИИМдин Академиясынын курсанттары, студенттери жана жетекчилик курамы менен жолугушту. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т. Абитов жолугушууну ачып жатып, эл өкүлүнө ИИМдин Академиясындагы гендердик саясат, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу жаатында жасалып жаткан иштер тууралуу кыскача маалымат берип кетти.

Андан соң эл өкүлү Э. Сурабалдиева Жогорку Кеңештин бүгүнкү күндөгү иш-аракеттери тууралуу маалымат берип, гендердик өнүгүү, гендердик теңчилик, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы иш-аракеттер жана аялдар ишкерлиги сыяктуу маселелерге токтолуп өттү.

Жолугушуу учурунда курсанттар, студенттер депутат айымга жалаң эле саясат тууралуу эмес, анын жеке турмушу, иш тажрыйбасы жана өмүр таржымалына байланышкан суроолорду да беришип, эл өкүлүнүн жоопторун аябай кызыгуу менен угушту.

Жолугушуунун соңунда, депутат айым билим алуучулардын окууларына ийгиликтерди каалап, курч жана кызыктуу суроолорду берген бир катар студенттерге жана курсанттарга “Гендер философиясы” аттуу китептерди белекке берди.

Андан соң, эл өкүлү ИИМдин Академиясынын жетекчилик курамы менен таанышып, эркин форматта маек курушту. Иш-чаранын аягында ИИМдин Академиясынын имаратынын алдында курсанттар, студенттер жана кызматкерлер депутат айым менен эстеликке сүрөткө түшүштү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *