Бүгүн,  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т. Абитов  бир катар спорттук мелдештердин  жеңүүчүлөрүн куттуктады.

         2022 – жылдын 26-февралында Бишкек шаарында кыздар арасында спорттун дзюдо түрү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өткөн. Аталган мелдеште Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын 1-курсунун курсанты милициянын катардагысы Алиман Маликова 2-орунду ээлеген.

         Үстүбүздөгү жылдын февраль айында каратэ-до боюнча Кыргыз Репсубликасынын чемпионатында ИИМдин Академиясынын 1-курсунун курсанты милициянын катардагысы Адылбекова Гүлина 1-орунду багындырган.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу  Дене табия жана спорт боюнча департаментинин буйругу менен ИИМдин Академиясынын 3-курсунун курсанты милициянын катардагысы Кайыпбердиев Нурканатка белбоо күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын спорттун чебери  наамы тапшырылды. Андан тышкары,  Кыргыз Республикасынын ЖОЖдор арасында өтүп жаткан спартакиадада кыздыр арасында спорттун күрөш түрү боюнча ИИМдин Академиясынын курама командасы байгелүү 3-орунуга ээ болгон.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *