Бүгүн, 6 -июнда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын жетекчилиги окуудагы жана спорттогу жетишкендиктери үчүн бир катар курсанттарга жана  студенттерге сыйлыктарды тапшырды.

Үстүбүздөгү жылдын 1-февралынан баштап,  1-2-курстун курсант, студенттеринин арасында “Тил байлыгы китепте” аттуу китеп окуу сынагы жарыяланган. Аталган сынак билим алуучулардын китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө багытталып, акыл казынасын байытуу, билимин тереңдетүү, мекенчил, китепкөй курсант, студенттерди өстүрүү максатында уюштурулган.

3-июнда сынак жыйынтыгыкталып 1-орунга 2-курстун курсанты Тилебалдыева Бермет, 2-орунга 1-курстун студенти Эрмекбаева Феруза, 3-орунга 2-курстун курсанты Курсанбек уулу Максатбек  ээ болду.

Жеңүүчүлөр улуу жазуучу “Манас” эпосунун 4 томдук китеби, Ч.Айтматовдун чыгармаларынын он томдук жыйнагы, жана “Маркумдар үнү”, “Кут алчу билим” атуу китептер менен сыйланышты.  

Андан тышкары, кызыктыруучу сыйлыктарга 2-курстун курсанты Феруза Эрмекбаева жана студенти Алтынай Кайкиева ээ болушту.

Ошондой эле, 2022-жылдын 3-5-июнь күндөрү Кыргыз Республикасынын ИИМдин окуу борборунда милициянын генерал-майору Ж.Шабировдун жаркын элесине арналган аскердик кармашып урушуунун коргонуу бөлүгү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өттү. Аталган мелдешке ИИМдин Академиясынын курама командасы катышып төмөндөгүдөй ийгиликтерге жетишти:

  • 70 кг. салмакта 1-курстун курсанты Мамыров Эмирлан 3-орун;
  • 70 кг. салмакта 1-курстун курсанты Калиев Байаман 2-орун.

Кыздар арасында:

  • 60 кг. салмакта 1-курстун курсанты Тынчтыкбекова Алтынай 3-орун;
  • 60 кг. салмакта 1-курстун курсанты Маликова Алиман 1-орун;
  • 60 кг. жогору салмакта 1-курстун курсанты Дастан кызы Айгиза 2-орун;
  • 60 кг. жогору салмакта 1-курстун курсанты Адылбекова Гулина 1-орун.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *