Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Кылмыш жаза укук кафедрасынын улук окутуучусу милициянын подполковниги Н. Зарипов Бишкек шаарындагы №1 орто мектебинин 9-11-класстын окуучуларына кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Бул иш-чара жаштар арасында укук бузуулардын алдын алуу, укуктук билимдерди жайылтуу, өспүрүмдөрдүн мыйзамды сыйлаган жүрүм-турумун калыптандыруу максатында өткөрүлүүдө.

Жолугушууда өспүрүмдөргө кылмыш деген эмне, аларды жасагандарга кандай жазалар каралат, кылмыш жоопкерчилигине тартуунун жаш курагы жана ошондой эле кылмыш менен укук бузуулардын айрымасы тууралуу айтып берди.

Жолугушуунун аягында мектеп окуучулары өздөрүнүн кызыктырган бардык суроолоруна жооп алышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *