2022-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э. Алиев атындагы Академиясынын Жарандык-укуктук сабактар кафедрасы тарабынан “Ишкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун көйгөйлүү маселелери” деген темада видеобайланыш аркылуу эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулуп, өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын жана Кыргызпатенттин өкүлдөрү, Россия Федерациясынын ИИМдин Ростов юридикалык институтунун өкүлдөрү, Бизнес-омбудсмен институтунун адистери, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын профессордук-окутуучулук курамы катышты.
Конференция жеке ишкерлердин да, уюмдардын да актуалдуу көйгөйлөрүнө, иштеп жаткан мыйзамдык базаны изилдөөгө, ошондой эле бул тармакты реформалоонун жана өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоого арналган.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар кичи жана чакан бизнести мамлекет тарабынан колдоонун көйгөйлүү маселерине да токтолушту.

Изилдөөнүн жыйынтыктарынын негизинде катышуучулар Кыргыз Республикасындагы кичи жана чакан бизнестин иштешине мамлекет тарабынан колдоодо, мыйзамдык базада, финансылык жана кредиттик стимулдаштырууда, маалыматтык жана консультациялык колдоодо кемчиликтерди пайда кылган көйгөйлүү аспектилерди системалаштыруу сунушталды.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар сунуштарын иштеп чыгышып, конференциянын жүрүшүндө алынган маалыматтар практикада иштеген, ошондой эле илимий ишмердүүлүк менен алектенген изилдөөчүлөр үчүн пайдалуу болот деген ишенимдерин билдиришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *