2022 жылдын 12-майында Кыргыз Республиканын ички иштер органдарын реформалоону баалоо үчүн Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Башкы Катчылыгынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын ишмердүүлүгү менен таанышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ИИМдин Академиясынын жетекчилиги ЕККУнун өкүлдөрү – Полициянын ишмердигинин стратегиялык маселелер бөлүмүнүн башчысы Сами Рюханен, полициянын ишмердүүлүгү боюнча кызматкерлер Эдуарда Локотунин, Бьёрн Торэ Салтвик, Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюронун адам укуктары боюнча кызматкери Изабелла Хартвик,  Бишкектеги ЕККУнун кеңсесинин полиция маселелери боюнча кеңешчиси Бедарев Константин Викторович менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Тариель Абитов окуу жайдын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, бүгүнкү жолугушуу жалпы максаттарды ишке ашыруу үчүн өз ара кызматташуунун мындан аркы багыттарын аныктоого мүмкүндүк берерин белгилеп жана ЕККУнун өкүлдөрүнө билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгүнүн ар кандай аспектилеринде бүгүнкү күнгө чейин көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар биргелешкен долбоорлордун маанилүүлүгүн белгилеп, көп тараптуу кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Андан соң, келген коноктор окуу жайдын материалдык-техникалык жабдууларыф менен таанышып,  ИИМдин Академиясынын музейинде да болушту.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *