28-сентябрда Факультеттин 3-курсунун  студенттери Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин ишмердүүлүгү, ошондой эле психологдордун жана кардарларды электрондук каттоого алуу иштери жөнүндө кеңири маалыматтарга ээ болушту.

Андан сырткары студенттер кызыктырган суроолорун берип, аларга жооп ала алышты.

Ал эми Пробоция департаментинин дагы студенттер менен кылмыштарды алдын алуу жана алардын санын азайтуу үчүн кандай тартипте иш баруу керектиги боюнча өз ара пикир алышышты.

Эскерте кетсек, ИИМдин Академиясынын дистанттык-сырттан окуу жана магистратура факультетинде күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери билим алып келишет.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *