ИИМдин Академиясынан экинчи жогорку билимин алууга тапшырып, кезектеги окуу-экзамендик сессияга келген Дистанттык-сырттан билим берүү жана магистратура факультетинин студенттери Ички иштер министрлигинин тунгуч генералы Эргеш Алиев атындагы музейде болушту.

Иш-чара 2024-жылдын январь айында өткөн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коллегиясынын чечими менен бекитилген иш-мерчемрдин 1-пунктунда белгиленген,

Кыргыз милициясынын калк арасында аброюн көтөрүү үчүн, милиция кызматкерлеринин эл менен тыгыз байланышып иштөөсү жана алардын элге сапаттуу кызмат көрсөтүүсү, Мекен алдында берген антына бекем, моралдык адеп-ахлактык абалы бийик деңгээлде турган кадрларды даярдоо үчүн, кесиптик атайын даярдыктын алкагында кызматкерлерге тажрыйбага бай коомдук ишмерлерди, маданиятка эмгеги сиңген инсандарды, ички иштер органдарынын ардагерлерин жана диний кызматкерлерди чакыруу менен маңыздуу жана маанилүү лекцияларды уюштуруу,тапшырмасын аткаруу максатында өткөрүлдү.

Студенттер музейден Кыргыз милициясында опол-тоодой орду бар, генерал Алиевдин басып өткөн маңыздуу турмуштук жана кызматтык жолу, эрдиктери, өзгөчөлүктөрү жана үй-бүлөсү тууралуу маалыматтарга ээ болушту.

Ошондой эле, алар Эргеш Алиевдин өзүнүн кийген параддык кителин, колдонгон кылычын, жазып кеткен “Узак жол” китебин да көрө алышты.

Мындан сырткары ИИМдин Академиясынын түптөлүшү, таржымалы жана ишмердүүлүгү боюнча көптөгөн маалыматтарды билүүгө жетишишти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *