15-ноябрда ИИМдин Академиясына окуу курсуна келген Дистанттык-сырттан билим берүү жана магистратура факультетинин 1-курсунун студенттери  сабактан кийин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Басма-сөз кызматынын ишмердүүлүгү менен таанышып келишти.

Студенттерди аталган кызматтын башчысы милициянын полковниги Тилек Оторов тосуп алды.

Студенттер Басма-сөз кызматынын бөлүмдөрү, алардын милдеттери жана чыгармачыл өздүк курамы менен таанышышты.

Ошондой эле күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жалпыга маалымдоо каражаттары менен мамиле түзүү, аларга маалымат берүү эрежелери боюнча кеп-кеңештерге ээ болушту.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *