2023-жылдын 30-октябрында  ИИМдин Академиясында сапка тизилүү болуп өттү.

Бул күнү, башчы милициянын генерал-майору Тариель Абитов Кыргыз милициясынын 99 жылдыгына карата түзүмдөр арасында өткөн динамиаданын жеңүүчүлөрүнө медалдарды, дипломдорду жана кубокту тапшырды.

Андан соң, башчы сыйлык ээлерин куттуктап, мындан ары да дене тарбия даярдыгын бекемдеп, дагы да жогорку ийгиликтерди жарата бериңиздер деди.

Эскерте кетсек динамиадада ИИМдин Академиясы 9 команданын ичинен 2-орунду ээлеген.

Сапка тизилүү, өздүк курамдын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *