Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы гендердик зомбулукту алдын алуу чөйрөсүндө эл аралык алдыңкы тажрыйбаны изилдөө боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы өнүктүрүү программасы менен биргелешкен долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальнигинин орун басары, юридика илимдеринин доктору, профессор, милициянын полковниги А.М. Джоробекованын жетекчилиги алдында жумушчу топ түздү.

         2019-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында Сеул шаарындагы полиция академиясынын окутуучуларынын катышуусунда, саясат маселелери боюнча Сеул Борборунун колдоосу менен “Гендердик зомбулукту алдын алуу” аттуу семинар өткөрүлгөн.

         Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын гендердик зомбулукту алдын алуу боюнча жумушчу тобу 2021-жылы эл аралык жана улуттук гендердик эксперттер менен өз ара кызматташып, Казакстан Республикасынын окуу процессинде жана практикалык ишмердүүлүгүндө Корея Республикасынын тажрыйбасын колдонулушун иликтөө максатында Казакстан Республикасынын Астана шаарынын полиция департаментине, Казакстан Республикасынын ИИМдин Костанай академиясына жана М.Букенбаев атындагы Актөбө юридикалык институтуна барышкан.

         Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы өнүктүрүү программасы жана “Луч света” регионалдык программасынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын жумушчу тобу тарабынан “Гендердик зомбулукту алдын алуу: Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тажрыйбасы” аттуу эл аралык тегерек стол, “Гендердик зомбулукту алдын алуу” темасында эки күндүк семинар уюштурулуп өткөрүлдү, “Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту алдын алуу жана ага чара көрүү” окуу куралы даярдалып, атайын курстун алкагында ички иштер органдарынын кызматкерлерин, угуучуларды, курсанттарды/студенттерди окутуу үчүн колдонула турган окуу методикалык материалдар иштелип чыкты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *