Кыргыз Республикасынын Президентинин “2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана улуттук “Жашыл мурас” өнөктүгүн утурлай, 28-апрелде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы Москва районундагы Беловодское айылында жайгашкан балдардын психоневрологиялык үй-интернатынын аймагын жашылдандырууга салымын кошуп келишти. ИИМдин Академиясынын курсанттары аталган интернаттын кызматкерлери менен биргеликте жемиш бактардын көчөттөрүн отургузушуп, сугарышты. Андан тышкары, ИИМдин Академиясынын атынан балдар үйүнө жуунуучу, даары каражаттары менен пампесртер белекке берилди Балдардын психоневрологиялык үй-интернатынын администрациясы ИИМдин Академиясынын жалпы жамаатына жана курсанттарга ыраазычылыгын билдиришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *