2023-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Акы төлөнүүчү негизинде күндүзгү билим берүү факультетинин 2-курсунун 23-окуу тобунун студенттери тарбия иштери боюнча куратору Кылмыш-жаза укугу кафедрасынын улук окутуучусу милициянын майору  Надежда Шпедт менен биргеликте окуу жайдын китепканасына Ч.Айтматовдун төрт китебин тапшырышты.

Белгилей кетсек, ИИМдин Академиясында залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата «Кыргыз тили жана Чынгыз Айтматовдун ааламы» аталышында мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланып, атайын иш-мерчем дайындалган.

Аталган иш-мерчемдин 3-пунктунда “Бир адамдан бир китеп” аттуу өнөктүгүн өткөрүү белгиленген.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *