Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын күндүзгү билим берүү факультетинин курсанттары жана студенттеринин арасында “Мекенди сүйүү” темасында интеллектуалдык брейн-ринг оюнунун супер финалы болуп өттү. Оюндун жыйынтыгында эң көп упай топтоп “Биримдик» командасы биринчи орунга ээ болду. Аталган команда ЖОЖдор арасында өтө турган интеллектуалдык оюнда ИИМдин Академиясынын намысын коргомокчу. Демөөрчүлөр тарабынан иш-чарага активдүү катышкан бардык курсант, студенттерге баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылып, диплом менен сыйланышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *