Кымбаттуу өздүк жана өзгөрүлмө курам!

Сиздерди, 1-сентябрь – Билим күнү менен куттуктайм! Жаңы окуу жылынын башталышы, билим үчүн, эң жакшы баалар үчүн, жаңы  бийиктиктерди багындыруу үчүн күрөштүн башталышы!  

Бүгүн жашоосундагы жаңы этаптын алгачкы барагын ачып жаткан биринчи курстун курсанттары жана студенттери үчүн өзгөчө күн.  Ички иштер министрлигинин Академиясына кош келиңиздер! Сиздер, келечекте Кыргызстан үчүн кызмат кылалы, Мекенибизди коргойлу, өнүктүрөлү жана мыкты кесипкөй адис бололу деген аруу тилектериңер менен дал ушул окуу жайды тандап келдиңиздер.

Айтып кетейин, сиздер эң туура чечим кабыл алгансыңар! Анткени,  ИИМдин Академиясынан билим алуу – бул чоң сыймык. Биздин профессордук-окутуучулук курам өз кесибин сүйгөн, илимдүү, билимдүү, илимдин кандидаттары, докторлору, доценттери жана профессорлору гана болбостон адамкерчиликтүү , эмгекчил жана мээримдүү!

Силерге биз, бир гана талапты катуу коёбуз – бул талыкпаган билим алуу, изденүү, ар дайым аракеттенүү жана жоопкерчиликтүү  болуу.  Сабакка кечикпегиле, сабактан калбагыла! Ата-энеңердин ишеничин, үмүтүн актаган уул-кыздардан болгула.

Ал эми, 2,3,4-курстун кусанттары жана студенттери Сиздер, дагы бир жылга жогоруладыңар. Сабактар, жоопкерчилик жана милдеттер мурдагыдан да күчтүү болоорун айтып кетейин. Чарчабастан билим алып, кесиптин мыктысы болууга даярдыктарды дагы да уланта бергиле. Ошондой эле, артыңарда өсүп келе жаткан муунга үлгү болуп, “ага-эже” катары акыл-насаатыңарды айтып, кеңешчи, насаатчы болгула!

Урматтуу биздин  профессордук-окутуучулук курам Сиздер курсант, студенттерге илимдерди таанууга жардам бересиңер, жаңы түшүнүктөрдү ачасыңар. Силер принципиалдуулуктун жана профессионалдуулуктун үлгүсүсүңөр, силердин талантыңар, чыдамдуулугуңар, жоопкерчилигиңер – ийгиликтүү окутуунун шарттары! Ар дайым алдыңыздарда жаңы пландар, жаңы ийгиликтер жана жетишкендиктер боло берсин!

ИИМдин Академиясы жаңы окуу жылына даяр. Жалпы баарыбызга ийгиликтерди каалаймын.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *