2023-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын жазык-процесс кафедрасы “Жазык-процесс” сабагынын алкагында «Кылмыштардын бирдиктүү реестри автоматташтырылган маалымат системасы” – темасында конок лекциясын уюштурду.

Сабакты Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын укуктук статистика жана эсепке алуу башкармалыгынын кызматкерлери өткөрдү.

Ага Жазык-процесс, Криминалистика жана маалыматтык технологиялар кафедраларынын профессордук-окутуучулук курамдары, бүтүрүүчү курстун курсанттары жана студенттери катышышты.

Прокуратуранын кызматкерлери аталган система укук коргоо органдарына кайрылган жарандардын арыздарын каттоо анын процессуалдык эрежелери, мөөнөттөрү жана көзөмөлдөө иш-чараларынын жүргүзүлүшүн электрондук түрдө көрсөтүп беришти.

Бул система өз кезегинде жарандардын укук коргоо органдарынын ачык-айкын иш алып барып жаткандыгынан күмөн жаратпайт – дешти лекторлор.

Ал эми курсанттар менен студенттер теманын учурдагы маанилүүлүгүн айтып, жеткиликтүү түшүндүрүп бергендери үчүн ыраазычылык билдиришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *