Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн “Ачык эшиктер күнү” өткөрүлдү. Аталган иш-чарага Чүй районунун Искра орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү келип катышты.

Мектеп окуучулары Академиянын Э. Алиев атындагы музейи менен таанышып, окуу жайдын тарыхы, каада-салты, профессордук-окутуучулук курамы, ошондой эле курсанттардын күнүмдүк турмушунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат алышты. ИИМдин Академиясынын ок атуучу жайында аларга куралдардын түрлөрү көрсөтүлүп, окуучуларга электрондук тирде Макаров тапанчасынан ок атуу мүмкүнчүлүгү берилди. Ошондой эле алар криминалистикалык полигонго, спорт залдарга барышып, тоскоолдуктар тилкесинде өздөрүн сынап көрүштү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *