Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академияснын жалпы жамааты Криминалистика, атайын техника жана психология кафедрасынын профессору, психология илимдеринин кандидаты, милициянын полковниги Токомбаева Айсулуу Тарасовнаны ардактуу эс алууга узатышты. ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т. Абитов ардагерди куттуктап: “60 жыл бул тажырыйба менен жылдар гана эмес, бул сый-урмат, зор салым жана акылмандык. Сиз көп жылдар бою илим чөйрөсүндө ийгиликтүү эмгектендиңиз. Мындан ары да билимиңизди, бай тажырыйбаңызды Кыргызстандын келечеги үчүн жумшайт деген ишеничтемин”-деп билдирди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *