Кыргыз Республикасынын Президентинин Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө Жарлыгына ылайык ИИМдин Академиясынын уюштуруу-социалдык жана тарбия иштери боюнча бөлүмчөсү ар жумада курсанттардын, студенттердин ардагерлер менен жолугушуусун өткөрүүдө.

Өткөн жумада Коомдук-саясий сабактар кафедрасынын ардагери отставкадагы милициянын полковниги Асанкан Кыдыралиев чакырылган.

Бул бейшембиде Тилге даярдык кафедрасынын ардагери отставкадагы милициянын майору Мирлан Сакбаев келди.

Жылуу маанайда өткөн жолугушууда ардагерлер курсанттарга өздөрүнүн турмуштук, кызматтык бай тажрыйбасы менен бөлүшүп, ардактуу ошол эле учурда кооптуу кесипти аркалоодогу кызыктуу күндөрүн эске салып, айтып беришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *