2024-жылдын 16-23-май күндөрү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсанттары отставкадагы милициянын полковниктери Өмүрбек Байгазиев жана Марат Алыкулов менен жолукту.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2024/05/e75dea2e-92ed-4107-898d-b0e4aab50bf9-1024x768.jpg)
Ардагерлер көп жылдар бою ИИМдин Академиясында эмгектенип, бөлүм башчысы, кафедра башчысы болуп кызматын өтөп, билим берип, ардактуу эс алууга чыгышкан.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2024/05/0a15ba04-da86-4287-bc77-38ad2541eabe-1024x768.jpg)
Жолугушууда ардагерлер кызмат учурундагы кызыктуу күндөрүн эске салып, аны менен бирге акыл насааттарын, кеп-кеңештерин да айта кетишти.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2024/05/6a9a193a-8ae9-455b-8656-11314a43515f-1024x768.jpg)
Мындан сырткары 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы тууралуу кенен түшүндүрмө беришти.