Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Кылмыш жаза укук кафедрасы тарабынан “Кылмыш жаза укугу ” сабагы боюнча, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын күндүзгү билим берүү факультетинин 3-курсунун курсанттары жана студенттери арасында «Брейн-ринг» акыл таймаш оюну уюштурулду. Оюн Кылмыш жаза укук кафедрасынын окутуучуларынын, Окуу инспекциялык башкармалыгынын жана Илимий-изилдөө борборунун кызматкерлеринин катышуусунда болуп өттү.Оюн 5 этаптан туруп, жыйынтыгында 3-курстун 31-группасынын «Кылмыш жана жаза» командасы биринчи орунду, 33-группасынын «Фемида» командасы экинчи орунду ээлеп, уюштуруучулар тарабынан даярдалган кызыктыруучу белектер жана дипломдор менен сыйланышты. Калыстар тобу курсанттар менен студенттердин оюнга кызыгуу менен, жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгын баалап, мындан аркы окууларына ийгилик каалашты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *