2022-жылдын 17-18-майында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын окутуучулары тарабынан Бишкек шаарындагы №38, 72 мектеп гимназияларынын жана N№1 орто мектептеринин жогорку класстарынын окуучуларына кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча лекциялар окулду. Бул иш-чара жаштар арасында укук бузуулардын алдын алуу, укуктук билимдерди жайылтуу, өспүрүмдөрдүн мыйзамды сыйлаган жүрүм-турумун калыптандыруу максатында өткөрүлдү.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2022/05/адм1-1-768x1024.jpg)
Жолугушууда окутуучулар административдик укук бузуулар, аларды жасагандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартуу, башкача айтканда, мыйзамсыз аракеттер үчүн жашы жете электердин өздөрүнүн, ошондой эле ата-энелеринин жоопкерчилиги тууралуу айтып беришти.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2022/05/адм2-1-1024x768.jpg)
Ошондой эле, Академиянын окутуучулары бүтүрүүчү класстын окуучулары арасында кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүп, ИИМдин Академиясына кабыл алуунун тартиби жана окуунун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришти.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2022/05/адм5-1024x472.jpg)
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2022/05/адм0-1-1024x768.jpg)