2022-жылдын 26-октябрынан 28-октябрына чейин 1-ноябрь-Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүнө карата ички иштер органдарынын кызматкерлери арасында спорттун жети түрү боюнча мелдеш болуп өттү. Аталган мелдешке Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын курама командасы катышып, жыйынтыгында жеңил атлетика, шахмат, стол тенниси боюнча биринчи орунга, тогуз коргоол, ордо, дартс боюнча экинчи орунга ээ болушту. Жалпы командалык эсепте Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы биринчи орунга ээ болуп, кубок жана 20 000 сом акчалай сыйлык алышты. Бардык жеңүүчүлөр дипломдор жана медалдар менен сыйланышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *