Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында 12-декабрь залкар жазуучу Ч. Айтматовдун туулган күнү жана Улуттук адабият күнүнө арналган курсанттардын жана студенттердин арасында “Аалам тааныган Айтматов” аттуу интеллектуалдык акыл-таймаш оюну болуп өттү. Оюн төрт бөлүктөн туруп, биринчи бөлүгү “Саламдашууда” командалар өздөрүн тааныштырып, команданын атын чечмелеп, девиз жана эмблемалары жөнүндө маалымат беришти.

Оюндун экинчи бөлүгүндө командаларга Ч.Айтматовдун өмүр баяны, чыгармачылык жолу жана алган наамдары жөнүндө суроолор берилип, катышуучулардын Ч. Айтматовдун өрнөктүү өмүрү тууралуу канчалык билими бар экени бааланды.

Оюндун үчүнчү бөлүгүндө Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы каармандар тууралуу суроолор берилип, кызуу талкуу жаратты. Ал эми оюндун акыркы бөлүгү жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган кинотасмалар тууралуу суроолор камтып, жыйынтыгында биринчи орунга курсанттардан куралган “Айтматов ааламы” командасы, экинчи орунга 2-курстун студенттеринен куралган “Биримдик” командасы, үчүнчү орунга курсанттардын “Жалын” командасы ээ болуп, дипломдор менен сыйланды. Иш-чара ИИМдин Академиясынын Тарбия бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *