Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында 2025-жылдын 19-февралында “Кыз-жигит сармерден” оюну өттү.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын ИИМдин Эргеш Алиев атындагы Академиясынын кыздары менен Кыргыз Республикасынын Калыйнур Усенбеков атындагы Куралдуу күчтөр Аскер институнун курсанттарынын арасында өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиянын башчысы милициянын полковниги Азамат Ногойбаев иш-чараны ачып жатып, “Кыз-жигит сармерден” оюну достуктун, ынтымактын символу болгондугун баса белгиледи.
“Бул таймаш абалкы салтты азыркы күндө улап, элдик нарктуулук эрежелерин карманган, кыргыз элинин каада-салттарын, үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын билген, аны светтик баалуулуктар менен айкалыштыра алган нарктуу инсанды тарбиялоого чоң салымын кошот”, – деди Азамат Ногойбаев.
Таймашка атайын бекитилген жобого ылайык, акындык айтыш, кыргыз элдик ырларын улуттук аспаптардын коштоосунда аткаруу, макал-лакап, табышмак, жаңылмач айтуу, акыйнек айтышуу, кыргыз бийлеринен бийлөө шарттары берилген. Эки команда тең бул шарттарды жогорку чеберчиликте аткарышып, калыстардын чечими менен бирдей упайларга ээ болушту. Жыйынтыгында «Достук» жеңишке жетишти.

Иш-чаранын соңунда калыстар тобу иш – чараны максатына жеткире уюштурган тарбия бөлүмүнө ыраазычылык билдиришти.
ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы