2025-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы окуу жай катары өзүнүн жогорку “Академия” макамына ээ болгондугунун 25 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, ИИМдин Генералдар Кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев, Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Бакыт Сеитов, Академиянын мурдагы башчылары, ардагерлери, өздүк курамы жана башка коноктор катышышты.
Мааракелик иш-чара кыргыз милициясынын тунгуч генерал-майору Эргеш Алиевдин эстелигине гүлчамбарларын коюу менен башталып, курсанттардын Манас эпосунан үзүндү айтуусу менен коштолду.
Андан соң ардактуу коноктордун катышуусунда жаңы салынган заманбап телестудияны ачуу аземи болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чара Академиянын чоң жыйындар залында улантылып, жетекчилик жана ардагерлер окуу жайдын өздүк курамына ийгиликтерди каалап өттү.
“Мындан 56 жыл мурун негизделген милициянын кесиптик орто мектеби Ички иштер министрлигинин сапаттын стандарты жана кадрлардын чыныгы устаты болуп, улам жогорку баскычтарды багынтып, билим берүү тармагында жигердүү жана жемиштүү аракети менен 2000-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы жогорку даражасына ээ болуп, ага Кыргыз милициясынын тунгуч генерал-майору Эргеш Алиевдин ысымы ыйгарылган. Ошондон тартып ички иштер органдарына “Укук коргоо ишмердүүлүгү”, башка күч түзүмдөрүнө “Юриспруденция”, ошондой эле магистратура, адъюнктура, докторантура багыттарында билим берүүнүн эң жогорку баскычтарында кадрларды даярдоону жүргүзүп келе жатат. Окуу жай азыркы талаптарга, стандарттарга шайкеш келген материалдык-техникалык, окуу-методикалык базасын бекемдеп, эл аралык кызматташтыкты да күндөн-күнгө кеңейтип, жигердүү иштерди аткарып келет. Ал эми ааламдашуу жана санариптүү заманда массалык маалымат каражаттарынын таасири барган сайын күч алып, улам өзгөрүп турганда телестудиянын ачылышы учурдун талабына дал келип отурат. Телестудия Академиянын күнүмдүк турмушун, ишмердүүлүгүн гана чагылдыруу менен чектелбестен, билим алуучулар үчүн массалык маалымат каражаттары менен иштөө багытында окуу курстарын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн аткарат” деп ишеним артты, Адылбек Бийбосунов.
Салтанаттуу иш-чарада Академияны түптөөгө өз салымдарын кошуп кеткен ардагерлерге Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин сыйлыктары жана Академиянын атынан белектер тапшырылды.
Жыйынтыгында маданият кызматкерлеринин жана курсанттардын катышуусундагы концерттик программа майрамдык маанай тартуулады.







