Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине карата Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Ардагерлер кеңеши тарабынан сыйлоо иш-чарасы уюштурулуп, ардактуу эс алуудагы жана учурда кызмат өтөп жаткан кызматкерлердин жубайларына “Офицердин жубайы” медалдары тапшырылды.

Ошондой эле бул күнү кыргыз милициясын түптөөгө салымдарын кошкон ардагерлерге да сыйлыктар тапшырылды.

Жолугушууда ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов сыйлык ээлерин куттуктап, Ички иштер министрлигинин ишмердүүлүгүнө зор салымын кошуп кеткен жана азыр да тыгыз байланышта кызматташып жаткан ардагерлерге ыраазычылыгын билдирди. Ал эми кызматкерлердин жубайларына жолдошторунун кызматтык милдеттерин так аткарууга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келе жаткандары үчүн рахматын айтты.

Өз кезегинде ардагерлер окуу жайдагы жаңыланууларга кубанып жаткандыктарын билдирип, мындан аркы өсүп өнүгүүнү каалап, баталарын беришти.