2024-жылдын 11-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов окуу жайдын түзүм жетекчилерине жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байланыштуу коопсуздук иш-чаралары, улуттук пландын аткарылышы жөнүндө маселелер каралды.

Шайлоо күнү жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча иш-чараларды талаптагыдай аткаруу тапшырмасы берилди.

Мындан сырткары кызматтык тартипти бекемдөө, билим берүү сапатын жогорулатуу, курсанттарды жана студенттерди тарбиялоодогу иш-чараларды дыкаттык менен уюштуруп өткөрүү жана башка маселелер талкууланды.