1-ноябрь Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Анда кызматтагы жана окуудагы жетишкендиктери, ийгиликтери ошондой эле өзгөчөлүктөрү үчүн бир катар кызматкерлер жана курсанттар сыйланышты.

Өздүк курамды жана сыйлык ээлерин окуу жайдын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов куттуктап, бекем ден-соолук, ар тараптуу өсүп өнүгүүнү каалады.

Салтанаттуу иш-чара өздүк курамдын саптык жүрүшү менен аяктады.